Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бүгүн украин аскерлери Запорожье АЭСин басып алууга аракет кылды

Душманды жок кылуу чаралары көрүлүп, бул үчүн аскердик авиация колдонулганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Украина аскерлери Запорожье атомдук станциясын басып алууга аракет кылышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россиянын Коргоо министрлиги окуянын чоо-жайын ачыктады.
"Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 6:00 чамасында украин аскерлери (60 киши) Запорожье атомдук электр станциясынан үч чакырым алыс жайгашкан Каховка суу сактагычынын жээгине жети кайык менен чыгышкан. Алар АЭСти басып алууга аракет кылышты", — деп айтылат макалада.
Аларды жок кылуу чаралары көрүлүп, бул үчүн аскердик авиация колдонулганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Украинанын Куралдуу күчтөрү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) делегациясынын Запорожье АЭСине пландалган сапарынын алдында Энергодар шаарын аткылоодо. Соңку 24 сааттын ичинде калаага украиналык пилотсуз учактар жана артиллериядан 60тан ашык сокку урулган. Өткөн түнү үч жаран каза таап, дагы бир адам жаракат алды. Снаряддардын бири бала бакчадан жүз метрдей алыс жерде жарылган.
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Запорожьеге келгенден кийин миссия коопсуз аткарылат деген ишенимин билдирген.
Ал эми айрым ЖМКлар бир аз мурдараак МАГАТЭ кызматкерлери АЭС тарапка жөнөп кеткенин жазышкан.

Тарыхы

Объект Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн аталган аймакка агенттиктин кызматкерлери келген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСи боюнча Украина аскерлерине маалымат берген кызматкер кармалды