Радио

Абдыров: тышкы донорлордон алынган карыздарды сарптоодо ачыктык керек

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров сырттан алган карыз акчанын натыйжалуу иштетилишин толугу менен жөнгө сала турган механизм керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда тышкы карыздарды сарптоодо ачык-айкындуулук жетишпейт. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан тышкы карызды доллар менен алышы кайра төлөгөнгө келгенде көп көйгөйдү жаратууда.
"Азыркы учурда кыргыз коомчулугу өлкөнүн тышкы карызы көбөйүп баратканын талкуулап, бийликке сын айтып жатышат. Орчундуу маселе болгондуктан көбү тынчсызданууда. Мамлекеттин жалпы карызы 5 миллиард 120 миллион доллар болсо, анын ичинен тышкы бересебиз 4 миллиард 300 миллион, калганы ички карыз. Бул  акчаларды ири инфраструктуралык багытта, айыл чарбасын жолго салууда, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарга алып келебиз. Кыргызстан тышкы карызды доллар менен алышы кайра төлөөдө көп көйгөйдү жаратууда. Өлкөдө тышкы карыздарды сарптоодо ачык-айкындуулук жетишпей жатат. Ага байланыштуу карызга алынган каражаттардын натыйжалуу иштетилишин толук кандуу жөнгө салуу зарыл, — деди Абдыров.
Ошондой эле адис мамлекеттин ички карызынын өсүшү экономикалык абалга терс таасирин берерин кошумчалады.