Түркия: Каппадокия шаарында "Кыргызстан" паркы ачылып, достук багы отургузулду

Парктын ачылыш аземи кыргыз-түрк өнөрпоздорунун катышуусундагы майрамдык концерт менен коштолду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Түркиянын Каппадокия шаарында "Кыргызстан" паркы ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эс алуу жайынын ачылыш аземи кечээ, 31-августта, өткөн.
"Эки элдин достугунун символу катары "Кыргызстан" паркы салтанаттуу азем менен ачылды. Ага элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернатору Инжи Сезер Бежел, шаар мэри Мехмет Савран, Кыргызстан — Түркия парламенттик достук тобунун башчысы, Түркиянын улуттук жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк катышты. Парктын ачылышынын урматына алар достук дарагын отургузушту", — деп жазылат маалыматта.
Элчиликтен "Кыргызстан" паркында боз үйлөр тигилип, парктын аталышына, ачылыш тарыхына байланыштуу стела тургузулганын, кыргыз-түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт уюшулганын кошумчалашты.
Түркия сентябрда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолигин жарыялады