"Русский дом" Кыргызстанга быйыл 26,5 миң окуу китебин берди

Россиянын ири басмаканалары 2022/2023-окуу жылында да бир топ китептерди берүүнү пландап жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Январдан августка чейин (2022-жылы) Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ("Русский дом" уюму) Кыргызстандагы мектептерге, китепканаларга, техникумдарга, лицейлерге, ЖОЖдорго 26 515 даана окуулуктарды жана башка китептерди берген. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан кабарлады.
Ар бир облус канчадан китеп алганын төмөнкү тизмеден көрүүгө болот:
Чүй облусу — 12 191;
Бишкек — 5 963;
Ысык-Көл — 1 921;
Талас — 1 581;
Нарын — 1 157;
Жалал-Абад — 1 110;
Ош шаары — 1 065;
Ош облусу — 1 003;
Баткен — 524.
Маалыматта Россиянын ири басмаканаларынан 2022/2023-окуу жылында да бир топ китептердин келери айтылган.
Соңку жылдары РФ Кыргызстанга БУУ аркылуу 100 млн. долларлык жардам көрсөттү