Россиядагы мигранттар мурдагыдан көп акча которо баштады. Себеби

Акча которгондордун арасында онлайн-соода менен алектенген ишкерлер да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Экономист Нургүл Акимова Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү эмне себептен өсүп жатканын түшүндүрүп берди. Ал Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде кайсы бир деңгээлде бул рублдин курсунун өсүшүнө байланыштуу экенин белгиледи.
"Курстагы айырмачылык чоңойгон сайын которулган акчанын да көлөмү өсүп жатат. Бир тарабынан акча которгон адамдар да көбөйдү. Эмгек мигранттары – бул жалаң гана жалданма жумушчулар эмес, бүгүнкү күндө бизнес менен алектенген ишкерлер бар экенин да айта кетүү керек. Кыргызстандык резиденттердин арасында онлайн-соода менен алектенгендер көп, ошондуктан мындай акча которуулар чакан жана орто бизнес ишмердүүлүгүнө да тиешелүү", — деди Акимова.
Анын айтымында, инфляция жана геосаясий каатчылык мигранттарды Россияда калууга түртүп жатат.
Улуттук банк Кыргызстанга каражат кайсы валюта менен көп которуларын айтты