Россиядагы ЖОЖдорго документтерди кабыл алуу октябрда башталат

Россияда кыргызстандык 8,5 миң студент билим алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россиядагы ЖОЖдорго кийинки окуу жылына документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 1-октябрынан башталат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, 2022-2023-окуу жылына Кыргызстанга Россиянын жогорку окуу жайларынан билим алууга 500 квота берилген. Анда экономика, юриспруденция, маалыматтык системалар жана технология, курулуш, актёрдук чеберчилик багытында окугандар басымдуулук кылат.
"1998-жылдын 24-ноябрында кабыл алынган Жарандарга тең укук берүү келишиминин негизинде кыргызстандыктар Россиянын жогорку окуу жайларына жалпы негизде да өтө алышат. Россия стандартындагы билимди кыргыз студенттери Кыргызстандын аймагындагы КРСУ, Россия мамлекеттик славян университетинин Ош шаарындагы филиалы жана Казань улуттук илим изилдөө технологиялык университетинин Кант шаарындагы филиалынан да ала алышат", — деп жазылат маалыматта.
Ушу тапта Россияда кыргызстандык 8,5 миң студент билим алып жатат.
КРСУнун мектебине Россиядан 6 миң окуу китеби алып келинди
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.