Окуучулар үчүн киргизилген быйылкы саамалыктар

Быйыл биринчи класска 160 миңден ашуун бала барды. Ал эми республика боюнча жалпы окуучулардын саны 1 миллион 300 миңден ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылы Билим берүү жана илим министрлиги киргизген бир катар саамалыктар менен башталды.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул жылы 160 миңден ашуун бала мектеп босогосун биринчи ирет аттаган. Ал эми республика боюнча жалпы окуучулардын саны 1 миллион 300 миңден көп экени айтылды, аларды 82 724 мугалим окутмакчы.
Быйылкы саамалыктар (негизгиси):
апта башталганда жана соңунда мектептерде гимн жаңырат;
окуу жайларынын көбүндө жетекчи алмашты;
сабак учурунда телефон колдонууга чектөө кирди;
9-класстын окуучулары үчүн диндердин өнүгүү тарыхы деп аталган жаңы предмет киргизилди;
сентябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулайт.
Билимдүүлөр коомчулукта татыктуу ордун таба алат. Жапаровдун куттуктоосу