Макрон Франция эмне үчүн Россия менен алакасын үзбөй турганын айтты

Түркиянын Россия менен ымалага келген бирден-бир өлкө болуп калганы Франциянын кызыкчылыктарына каршы келет деп айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россия менен диалогду улантууну жактагандардын тарабында экендигин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости 20 minutes басылмасына шилтеме кылып жазды.
"Биз бардыгы менен, анын ичинен макул болбогон кишилер менен да сүйлөшүүнү улантышыбыз керек", — деген мамлекет башчысы француз элчилери менен жолугуп жатканда.
Түркиянын Россия менен ымалага келген бирден-бир өлкө болуп калганы Франциянын кызыкчылыктарына каршы келет деген пикирин билдирген.
"Түркиянын Россия менен байланышы бар, сүйлөшүү жүргүзө алган дүйнөдөгү бирдин-бир держава болуп калышын ким каалайт?" — деген Франция лидери.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Мамлекет башчы түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугун бекемдегенге кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин айткан. Андан соң Батыш мамлекеттери Россияга далысын салып, катаал санкцияларды киргизгени менен айрым лидерлер Москва менен байланышын улантууда.
Санкциялар Россияны кылт эттирген жок! Францияда бийлик сынга алынууда