Москвада "Лукойл" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы каза болду

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп, кырсыктын себебин иликтеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. "Лукойл" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Магановдун каза болгондугун РИА Новости борбордук клиникалык оорукананын маалыматына таянып жазды.
Буга чейин бир катар Telegram-каналдар Магановдун сөөгү президенттин иш башкармалыгына караштуу Борбордук клиникалык оорукананын аймагынан табылганын билдиришкен.
"Мындай факт болгонун тастыктайбыз. Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп, анын себебин иликтеп жатышат", — деген агенттикке маалымат берген өкүл.
"Известия" басылмасы 67 жаштагы Маганов алтынча кабатта дарыланып жатканын жазган. Анын бийиктиктен кулап кетишине эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз.
Маганов 1954-жылы Татарстандын Альметьев аймагында туулган. 1977-жылы Москвадагы Губкин атындагы Нефтехимия жана газ өнөр жайы институтун аяктаган. 1993-жылы "Лукойл" компаниясына келип, нефть казуу боюнча вице-президенттик кызматты аркалаган. 2020-жылдын июнь айынан тарта директорлор кеңешин башкарып келген.
Михаил Горбачёв дүйнө салды