Жакында президенттер Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолун баштоого кол коёт

Өкмөт башчы депутаттардан ири долбоорго байланышкан демилгелерди колдоп беришин өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жакында үч өлкөнүн президенттери Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолун баштоого кол коёт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Ал бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөп, депутаттардан ири долбоорго байланышкан демилгелерди колдоп беришин өтүндү.
"15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы ШКУнун кезектеги отурумунда Кытайдын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери темир жол долбооруна кол коюунун астында турат. Кытайдан 180ге жакын адис келип, биздин адистер менен чогуу геофизикалык иштерди жасап жатышат. Кийинки жылдын жарымында мунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп калат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагынан өтүп жаткан темир жолду курууга 5-7 миллиард долларга чейин каражат сарптоо керектигин белгиледи.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Нарында изилдөө иштери башталды