Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети убактылуу жабылат. Себеби

Бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрда, саат 15:00дөн 18:00гө чейин кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту жабыларын УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
"Жогоруда көрсөтүлгөн убакытта чек арадан адамдар дагы, транспорт дагы өтө албайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында башка өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан өз маршрутун алдын ала пландап алуусун өтүндү.
"Достук" чек ара өткөрмө бекетинин эшик-терезесин, шлагбаумун талкалап кетүүдө