Жапаров бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге КР Баатыры наамын берди

Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн президент Садыр Жапаров бир катар коомдук, саясий жана маданий ишкерлерге (арасында көзү өткөндөр дагы бар) Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров кол койгон документте "Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген эмгеги үчүн "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилсин" деп айтылат.
1 / 4

Медеткан Шеримкулов

2 / 4

Апас Жумагулов

3 / 4

Болотбек Шамшиев

4 / 4

Арстанбек Дүйшеев

Алар:
мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов;
мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов;
КР эл артисти, кинорежиссер Болотбек Шамшиев (каза болгондон кийин);
Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев (каза болгондон кийин).
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге КР Баатыры наамы ыйгарылды