Кулак күтүлбөгөн жерден эмне үчүн укпай калышы мүмкүн? Адистин түшүндүрмөсү

Угуунун начарлашына баңгизат дагы таасирин тийгизет. Адис өзгөчө кокаиндин кулакка зыяны көп экенин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кулак эмне себептен укпай калышы мүмкүн? Бул тууралуу сурдолог Наталья Кичигина "Известия" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Адистин пикиринде, угуунун начарлашына кадимки вирустук оорулар же дары-дармек терапиясы дагы себеп болушу ыктымал. Мисалы, 300дөн ашык дары угууга терс таасирин тийгизет.

"Мындай препараттар көбүнесе антибиотиктердин арасында кездешет. Айрымдары организмден чыкпай, бир топ убакытка чейин топтолуп тура бермей жайы бар. Болгондо дагы алар нерв системасында сакталат. Ошондуктан кулактын угушуна таасир эте алат", — деди адис.

Ошондой эле угуунун начарлашына баңгизат да таасирин тийгизет. Адис өзгөчө кокаиндин кулакка зыяны көп экенин билдирди.
Көп учурда өлүмгө алып келет. Сенек дарты тууралуу эмнелерди билүү зарыл