Индия: АКШ шарт коюп, Россия менен алаканы токтотууну талап кыла албайт

Индиялык журналист АКШ өзүнүн душмандарын Индияга да кас деп эсептебеши керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШ Индияга шарт коюп, Россия менен мамилесин үзүүнү талап кыла албайт. Бул тууралуу индиялык жазуучу жана журналист Уллех Н.П. жергиликтү Wiener Zeitung гезитине билдиргенин РИА Новости жазды.
Макаланын автору Ак үйдү индиялыктарды "өзүнүн вассалы" катары эсептебөөгө чакырган.
"Биз силердин вассалыңар эмеспиз. АКШ Индияга шарт коюп же аны Россия менен мамилесин улантуудан баш тарттыргысы келсе, биздин жооп ушундай болот. АКШ анын душмандарын Индия да кас көрөт деп ойлобошу керек. Биздин да стратегиялык кызыкчылыктарыбыз бар. Индия үчүн Россия менен аскердик байланыштар абдан маанилүү, мындай байланыш ондогон жылдардан бери уланып келет", — деди Уллех.
Жазуучу Индия калкынын басымдуу бөлүгү Москвага каршы санкцияларды киргизүүдөн баш тарткан Нарендра Моди жетектеген өкмөттүн позициясын колдой турганын белгилеген.
Ошондой эле Уллех Вашингтонду Киевге курал-жарак жөнөткөнү үчүн сындап, мындан көбүнчө жай тургундар каза таап жатканын айткан.
Италиялык журналист Путиндин "жашыруун триумфун" ачыктады