Эки сценарий бар. Еврозона кантип кыйрашы мүмкүн экени айтылды

Россия 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштаган соң Батыш Москвага каршы катаал санкцияларды киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бай өлкөлөр жарды мамлекеттердин муктаждыгын каржылоодон баш тартып, "европалык берешендик" токтогондо еврозона кыйрашы толук ыктымал. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине РУДНге караштуу Дүйнөлүк экономика жана бизнес институтунун доценти Владимир Григорьев айтканын РИА Новости жазды.
Эксперттин айтымында, эки сценарий бар. Жеңил-желпи, кесепети азыраак болчу кыйроодо еврозонада анын өзөгүн түзгөн Австрия, Бельгия, Германия, Италия, Люксембург, Нидерланд, Франция калат. Ал эми оош-кыйышы көп сценарий боюнча кетсе ар бир өлкө улуттук экономикалык суверенитетин калыбына келтириши керек болот.
Адис Евробиримдик өнүккөн бай өлкөлөр жакырларын каржы жагынан колдоп келген саясатты карманарын белгиледи. Экономикалык жана энергетикалык каатчылык тушап турганда мындай саясат акырындап өзгөрөт.
"Заман оошуп жатат. Экономикалык өсүш болуп турган учурдагы Евробиримдиктин берешендиги солгундап, үнөмдөп жашоого аргасыз кылууда. Коронавирус пандемиясы жана антироссиялык санкциялардын тескери таасири каатчылыкты күчөткөн маалда ар бир өлкө өз керт башын ойлойт", — деди эксперт.
Белгилей кетсек, Россия 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштаган соң Батыш Москвага каршы катаал санкцияларды киргизген. Бирок андан өзү дагы жабыр тартып, экономикалык жана энергетикалык катаал кризиске тушукту.
Евробиримдикти кайсы мамлекет кыйратышы мүмкүн экени болжолдонду