БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Украина аскерлери МАГАТЭ миссиясы алдында Запорожье атомдук станциясы жайгашкан Энергодар шаарын массалык түрдө аткылап жатышат. Бул тууралуу Telegram-каналында "Биз Россия менен биргебиз" коомдук бирикмесинин төрагасы, Запорожье облусунун администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов билдирди.
"Эртең мененки бештен баштап бул нацисттер байлоодон бошонгон иттей атырыла баштады. Энергодарды оор артиллериядан, ракеталык системалар менен массалык түрдө аткылап жатышат. Эл коопсуз жай деп баш калкалап турган шаардын тегерек четине дагы сокку урулууда. Калаа борборунда улам-улам жарылуулар болуп, эки бала бакча өрткө чулганды. Шаарда жабыркагандар менен өлгөндөрдүн саны тактала элек. Мунун баарын МАГАТЭ миссиясынын алдында атайылап кылып жатышат", — деди Рогов.
Белгилей кетсек, Запорожье АЭСиндеги абал менен таанышуу үчүн Украинага МАГАТЭ миссиясы келген. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар учурда объектинин өзүнө жете элек.
Соңку 24 сааттын ичинде шаарга украиналык учкучсуз учактар жана артиллериядан 60тан ашык сокку урулду.
Буга чейин МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Запорожьеге келгенден кийин миссия коопсуз аткарылат деген ишенимин билдирген.