Радио

Мадумаров: баалуу металлдар боюнча мыйзам ЕАЭБге ылайыкташтырылды

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров баалуу металлдар жана асыл таштар боюнча жаңы мыйзамды өзгөртүү муктаждыгын айтып берди.
Sputnik
Алтын жана күмүш концентраттары кайсы өлкөдөн кайра иштетилсе дагы министрлер кабинетинин уруксаты, Улуттук банктын макулдугу менен сатылат. Бул тууралуу Канатбек Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү мыйзам ишкерлер менен биргеликте иштелип чыгып, ал мамлекеттин кызыкчылыгын дагы коргойт.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар боюнча мыйзам жаңы. Ага чейинкиси 1998-жылдан бери иштеди. Эскирип, айрым жагдайларда карама-каршылыктар кездеше турган. Себеби мыйзамдар күн санап жаңырып, эл аралык нормаларга кол коюлууда. Ошондуктан жаңысы ишкерлер менен бирге иштелип чыкты. Ал мамлекеттин кызыкчылыгына туура келип, ошол эле учурда ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мисалы, өлкөдө өндүрүлгөн алтын жана концентраттар кайсы өлкөдө иштетилгенине карабай министрлер кабинетинин уруксаты, Улуттук банктын макулдугу менен сатылат. Мындан тышкары, мыйзамга ЕАЭБ алкагында кол коюлган келишимдерге ылайык, үчүнчү өлкөлөргө зер буюмдарды чыгарууда мамлекеттик көзөмөл кылуу боюнча ченем киргизилди. Зергерлер үчүн дагы пайдалуу жактары бар. Мисалга алсак, күмүштөн жасалган буюмдарга эн тамганы өз каалоосу менен койдурат. Бул дагы каражатты жана убакытты талап кылчу. Аталган норма ЕАЭБден тышкары мамлекеттерге дагы колдонулса болот", — деди Мадумаров.
Ошондой эле ал бул мыйзамдын жоболорун иштеп чыгуу зарылдыгы бар экенин кошумчалады.