Жооп берген эл өкүлдөрүнүн баары эле Кыргызстандын ичинде, Ысык-Көлдө болгонун айтышты. Чет өлкөгө барып эс алгандар болбоптур. Ошондой эле региондорду кыдырып шайлоочулар менен жолугушканын билдиришти.
Регламент боюнча биринчи айы эс алууга, экинчиси шайлоочулар менен жолугушууга каралган.