БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 31-август күнү Чуңкурчак капчыгайында өткөн майрамдык иш-чарага 10 миңден ашык автоунаа менен 40 миңдей киши барды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Эске салсак, бул жайлоодо Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өттү. Ага президент жана биринчи айым, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, депутаттар, элчилер, экс-президенттер жана башка миңдеген кыргызстандыктар катышты.
Кечкурун кайра кайтып жатканда миңден ашуун автоунаа ири жол тыгында туруп калганы маалым болгон.
Анткен менен ИИМ бардык аймактарда Эгемендүүлүк майрамы тынч жана коопсуз өткөнүн кошумчалады. Иш-чаралар учурунда олутуу мыйзам бузуулар катталган эмес.