Казакстандан Кыргызстанга 4 млн. сомдук мал айдап бараткандар кармалды. Сүрөт

Окуя Чүйдүн Кемин районунун аймагында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы бодо малды Казакстандан Кыргызстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган фактыны аныктаганын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Чүй облусунун Кемин районунда бир эле учурда 92 баш бодо малды өлкөгө айдап өтүүгө аракет кылгандар колго түшүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган мал 4 миллион 600 миң сомго бааланган.
Документтери текшерилген соң мал өткөрүүгө аракет кылгандардын иши андан ары териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилгени айтылды.
Коңшу өлкөлөргө бир млн. сомдук жылкы, бодо мал айдап бараткандар кармалды. Сүрөт