Радио

Ниязов: балык торлорун чек арадан курулуш материалы катары өткөрүшөт

Айыл чарба министрлигинин балык чарба департаментинин жетекчиси Эдил Ниязов балык браконьерлерин уюшкан кылмыштуу топторго теңеди.
Sputnik
Балык кармоодо браконьерлик кылып жаткандар карапайым адамдар эмес. Алар — GPS, рация менен жабдылган, кайыктары мыкты, атайын уюшкан кылмыштуу топтор. Мындай пикирин Эдил Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, браконьерлер менен иштөө канчалык күчөтүлбөсүн, синтетикалык торлорду алып кирүүгө тыюу салынбаса майнап чыкпайт.
"Жыл сайын мамлекеттик органдар пландалган иштин негизинде Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычы жана башка балыктар байырлаган жайларды торлордон тазалап келишет. Бирок синтетикалык затты киргизүүгө тыюу салбасак тазалоонун жыйынтыгы жокко эсе болуп, эмгек талаага кетүүдө. Мурда Кытайдан даяр торлорду алып киришчү, ага мыйзам менен тыюу салынган соң эми материалды алып киришип, өлкө ичинде тор жасап жатышат. Ал эми бул синтетикалык затты чек арадан өткөрөрдө документине курулуш материалы катары же спорттук жабдуу деп көрсөтүшөт экен. Андыктан анын агымы токтобой жатат. Учурда тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, тор жасалчу заттын коддору менен "ушул заттар өткөрүлбөсүн" деп Бажы кызматына берүү керек. Тор жасалган синтетиканын өлкө аймагына киришин толук көзөмөлгө алмайынча экологиянын андан тарткан зыянын токтото албайбыз", — деди Ниязов.
Ал балык байырлаган жерлерди торлордон тазалоо иштери жыл сайын жүргүзүлө берерин кошумчалады.