Бишкекте 4 кабаттуу балдар ооруканасынын курулушу башталды. Сүрөт

Курулуш Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

2 / 4

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат

3 / 4

Жаңы имаратта 212 керебет жана сегиз операциялык бөлүм болот

4 / 4

Жапаров жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана сегиз операциялык бөлүм болот. Анын ичинде шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы бар.
Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок жайгаштыруу пландалууда.
Жапаров жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.
Катар Бишкек шаардык №6 ооруканасына кошумча корпус куруп берет
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.