БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте жумушсуз жүргөндөргө автоунаа айдаганды акысыз үйрөтүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева билдирди.
Анын айтымында, бул курстарга окуу үчүн жумушсуз адамдын Бишкекте каттоосу болушу керек. Эгер ал каттоого тура элек болсо, аны аткаруу үчүн иш менен камсыз кылган райондук бөлүмдөргө кайрылып, акысыз окуу үчүн кандай документтер керек болорун сурап алганы оң.
"Азыр соода агенттерин, курьер, таксист издеген жарыялар көп. Анын баарына айдоочулук күбөлүгү бар, автоунаа башкарганды билгендер керек. Мындан тышкары, бизде башка да курстар бар", — деген Анарбаева.
Жумушсуздар кайда кайрылса болот? Даректер:
Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмү — Токтогул көчөсү, 237;
Октябрь району боюнча жумушсуздарды каттоо бөлүмү — Токтогул көчөсү, 43;
Ленин району боюнча жумушсуздарды каттоо бөлүмү — Бөкөнбаев көчөсү, 99;
Свердлов району боюнча жумушсуздарды каттоо бөлүмү — Токтогул көчөсү, 43;
Биринчи май району боюнча жумушсуздарды каттоо бөлүмү — Бөкөнбаев көчөсү, 99.