Бишкекте доллар, бензин жана алтындын баасы кандай болууда. Соңку маалымат

Күйүүчү май саткан жайларда бензин, дизель майынын наркы ошол бойдон калган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Бишкекте доллар менен евро арзандады.
Шаршемби күндүн таңына салыштырмалуу доллардын курсу (сатуу да, сатып алуу да) 25 тыйынга төмөндөгөн. Ал эми евро 22 тыйынга арзанданган. Рубль менен теңгенин курсу өзгөргөн эмес.
Бишкектин күйүүчү май саткан жайларында бензин, дизель майынын наркы ошол бойдон калган. Алтын куймаларынын баасында да өзгөрүү байкалган эмес.
Министр: чара көрүлбөсө, баалар мындан да көтөрүлмөк