Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье: аткылоодон улам АЭСтин 5-энергоблогу токтогону маалымдалды

Азыр бир гана 6-энергоблок 60 пайыз кубаттуулук менен иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Запорожье АЭСинин 5-энергоблогу эртең мененки аткылоодон улам токтогонун РИА Новости аталган аймактын администрациясынын башчысы Евгений Балицкийге шилтеме кылып кабарлады.
"Тилекке каршы, бешинчи энергоблок иштебей калды. Аны токтотууга туура келди", — деген ал.
Адис бул кадам кубаттуулук менен камсыз кылган линиянын жабыркашынан улам жасалганын кошумчалады. Азыр болгону 6-энергоблок 60 пайыз кубаттуулук менен иштеп жатканы маалым болду.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап МАГАТЭ миссиясы абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар. Миссиянын аталган аймакка сапар алганы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСи боюнча Украина аскерлерине маалымат берген кызматкер кармалды