Акылбек Жапаров Бишкекте 15 мектеп, бир бакчанын курулушу башталганын айтты. Сүрөт

Курулушка жалпысынан үч миллиард сом багытталып, анын ичинен 2,5 миллиард сому республикалык бюджеттен, 450 миллион сому шаардык бюджеттен бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте быйыл 15 мектеп, бир бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров 1-сентябрь — Билим күнүнө карата Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушундагы № 98 мектептин ачылыш аземине катышкан.
1 / 6

Бишкекте быйыл 15 мектеп, бир бала бакчанын курулушу башталды

2 / 6

Жапаров 1-сентябрь — Билим күнүнө карата Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушундагы № 98 мектептин ачылыш аземине катышкан

3 / 6

Иш-чарага ордо калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да күбө болушкан

4 / 6

Министрлер кабинетинин башчысы окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, президенттин тапшырмасы боюнча быйыл борбор калаада 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу башталганын белгиледи

5 / 6

Курулушка жалпысынан үч миллиард сом багытталып, анын ичинен 2,5 миллиард сому республикалык бюджеттен, 450 миллион сому шаардык бюджеттен бөлүнгөнү айтылды

6 / 6

Белгилей кетсек, Алтын-Ордо жаңы конушундагы мектеп 480 орунга ылайыкталып курулуп, ага Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы берилген

Иш-чарага ордо калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да күбө болушкан.
Министрлер кабинетинин башчысы окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, президенттин тапшырмасы боюнча быйыл борбор калаада 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу башталганын белгиледи. Курулушка жалпысынан үч миллиард сом багытталып, анын ичинен 2,5 миллиард сому республикалык бюджеттен, 450 миллион сому шаардык бюджеттен бөлүнгөнү айтылды.
"Билимдүү адамдар аркылуу гана экономиканы, маданиятты, искусствону, спортту көтөрө алабыз. Мугалимдер билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап алдыңкы ыкмаларын киргизүүдө талыкпай эмгектениши керек. Сапаттуу билим туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы катары жаркын келечекке жол ачат. Балдарыбыз чет тилдерде сүйлөп, музыкалык билимге ээ болушу керек, так илимдерди, өзгөчө IT-технологияларды үйрөнүшү зарыл. Алар мектептен ар тараптуу билим алган, калыптанган инсан катары чыгышы керек", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, Алтын-Ордо жаңы конушундагы мектеп 480 орунга ылайыкталып курулуп, ага Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы берилген.
Окуучулар үчүн киргизилген быйылкы саамалыктар