Саламатсыңбы, мектеп! 1-сентябрда Бишкекте тартылган бир нече ирмем

Кыргызстанда бүгүн, 1-сентябрда, 2022/2023-окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын жалпы саны быйыл 1 млн. 300 миң, мугалимдер 82 миң 724 экендигин билдирди. Ал эми мектеп босогосун биринчи ирет 160 миң бөбөк аттады.
Sputnik
1 / 12

Бишкек шаарындагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс гимназиясынын окуучулары

2 / 12

Кыргызстан боюнча быйыл мектепте 1 млн. 300 миң окуучу билим алат

3 / 12

Бишкек шаарындагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс гимназиясындагы 1-сентябрга арналган салтанаттан көрүнүш

4 / 12

1-класстын босогосун аттаган бөбөктөр

5 / 12

Жаңы окуу жылынын башталышын концерттик номерлер коштоду

6 / 12

Бүгүн, 1-сентябрда, мектептеги салтанатка балдары менен кошо ата-энелер да келишти

7 / 12

1-класска кирген бөбөктөр байкалбай эле, алып баруучулукту аркалап жаткан бул окуучу сымал бой жетет. Мезгил алмашат, мектеп дагы миңдеген окуучуну уядан учурат.

8 / 12

Кезектеги концерттик номер

9 / 12

Биринчи коңгуроо, эсте калган, толкундаткан биринчи коңгуроо

10 / 12

1-класстын эжейи. Жооптуу, машакаттуу жана кызыктуу күндөр алдыда

11 / 12

Эжей... 1-класстын мугалими Салтанат Байшериева. Балдар бул мугалимин өмүр бою эстеп калары шексиз.

12 / 12

Быйыл 1-класстын босогосун 160 миң бөбөк аттады. Биринчи сабак.