Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье АЭСи боюнча Украина аскерлерине маалымат берген кызматкер кармалды

Анын айтымында, мындай иш менен алектенүүгө азыр Украина көзөмөлдөгөн аймакта жүргөн таанышы ынандырган.
Sputnik
Запорожье АЭСинин айрым кызматкерлери айланасындагы объектилердин координаттарын Украинанын Куралдуу күчтөрүнө берип турушкан. Жакында алардын бири кармалганын РИА Новости агенттиги жазды.

"Мен айланадагы объектилердин координаттарын гана бердим. Мен станциянын өзү тууралуу айткан жокмун, анткени 2019-жылдан бери биз кооптуу аймактарга кире албай калдык”, — деди шектүү.

Анын айтымында, мындай иш менен алектенүүгө азыр Украина көзөмөлдөгөн аймакта жүргөн таанышы ынандырган.
Объект Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо.
Тема боюнча:
МАГАТЭ башчысы Запорожье АЭСине миссияны дайыма уюштуруп турууну көздөөдө