Окумуштуулар: глобалдуу жылуулук өмүргө кооптуулук жараткан ысыкты күчөтөт

Окумуштуулар адаттан тыш аба ырайы АКШ, Кытай, Япония жана Батыш Европада болот деп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. XXI кылымдын аягындагы кургакчылык өмүргө коркунуч жараткан ысыктын күч алышына алып келет. Мындай маалыматты CNN телеканалы Вашингтон жана Гарвард университеттеринин окумуштууларына таянып жазды.
Илимпоздор абанын температурасы менен анын нымдуулугунун айкалышын карап чыгышкан.
"Мисалы, +39,3 градус ысык жашоо үчүн кооптуу деп саналат, эң коркунучтуусу +51 градус. Мындай абалда адам катуу стресске кабылат. Күндүн рекорддук ысышы көбүнчө Батыш Америка менен Европада болот деп күтүлүүдө. Экваторго жакын өлкөлөр катуу кыйналары болжолдонууда, жылына 6 айдан ашык сыртта иштөө бир топ оор болот. Мындай жагдай адамзат чыгындыларды чектеп баштаган учурда да болот. 2100-жылы АКШ, Батыш Европа, Кытай жана Японияда чектен өткөн ысык аба ырайы 3-10 эсе көбүрөөк байкалат. Тропикалык өлкөлөрдө аномалдуу ысык күндөр 2100-жылдан кийин бир жылда алты айга жетет же эки эсеге көбөйөт", — деп жазылат маалыматта.
Эгерде 2100-жылга чейин чыгындылар көзөмөлсүз калса адамдар сыртта, ачык абада жүрө албай кала турганчалык өзгөчө коркунучтуу жагдай экваторго жакын жайгашкан өлкөлөрдө, айрыкча Индия менен Африкадагы Сахарадан түштүккө карай кадимки көрүнүшкө айланышы мүмкүн.
Еврокомиссия: 500 жылдан бери Европада азыркыдай кургакчылык болгон эмес