Россиядагы аскердик ири машыгууга КРдин атынан кимдер катышат? Сүрөттөр

Машыгууларга 50 миңден ашык аскер кызматкерлери тартылат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россияда өтчү "Восток-2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгууларга Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын 10128 "Пантера" аскер бөлүгүнүн кызматкерлери катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.
1 / 3

Россияда өтчү "Восток-2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгууларга Кыргызстандын атынан Улуттук гвардиянын 10128 "Пантера" аскер бөлүгүнүн кызматкерлери катышат

2 / 3

Машыгууларга ЖККУнун, ШКУнун жана башка бир катар мамлекеттердин аскер контингентинин өкүлдөрү (жалпысынан 50 миңден ашык адам) катышып, беш миңден ашык курал-жарак жана аскердик техникалар колдонулат

3 / 3

1-7-сентябрда өтө турган иш-чарада аскердик башкаруу органдарынын операцияларды пландаштырууну уюштуруу боюнча даярдыгынын деңгээли, ошондой эле аларды ар тараптуу камсыздоо деңгээли текшерилет

Машыгууларга ЖККУнун, ШКУнун жана башка бир катар мамлекеттердин аскер контингентинин өкүлдөрү (жалпысынан 50 миңден ашык адам) катышып, беш миңден ашык курал-жарак жана аскердик техникалар колдонулат.
1-7-сентябрда өтө турган иш-чарада аскердик башкаруу органдарынын операцияларды пландаштырууну уюштуруу боюнча даярдыгынын деңгээли, ошондой эле аларды ар тараптуу камсыздоо деңгээли текшерилет. Тактикалык эпизоддор биргелешкен практикалык аракеттердин ар кандай варианттарына негизделген.
Россия менен Кытайдын аскердик машыгуусу Батышты чочутууда