2021-2022-окуу жылында республика боюнча жалпы билим берүүчү уюмдар окуу китептери менен 70,5 пайызга камсыздалган. Анын ичинде кыргыз тилинде окуткан мектептер 81,23 пайыз, орус тилиндеги окуткан мектептер 57,21 пайыз, өзбек тилдүү мектептер 76,62 жана тажик тилиндеги мектептер 66 пайызга китеп менен камсыздалды. Бул тууралуу Самат Тоялиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл республикалык бюджеттен жетишпеген окуу китептерин сатып алууга 152 миллион сом (анын 36 миллион сому өткөн жылдагы карыздарды жабууга жумшалды) каралган.
"Жаңы окуу жылында президенттин жарлыгына ылайык 9-класстарга диндердин өнүгүү тарыхы сабагы кирип жатат. Аталган предмет боюнча окуу китептерин даярдап, илимий-педагогикалык, гендердик, дискриминация жана апробациялык экспертизадан өттү. Буга чейин 2018-жылы диндердин маданиятынын тарыхы деген китеп бар болчу. Бул китептин авторлору жана кийинки авторлор биригип, жаңы китеп иштеп чыгышты. Аталган китеп Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жактырылып, предметтик стандарт, окуу программасы даярдалып бекитилди. Жаңы окуу жылынын башында кыргыз тилдүү мектептер жаңы басылып чыккан китепти алышат. Орус, өзбек жана тажик тилиндеги мектептерге бул китеп кийинчерээк басылып берилет. Бирок ага чейин китептин электрондук вариантын колдонуп турушат", — деди Тоялиев.
Ал окуучулар 534 окуу китеби жайгаштырылган kitep.edu.gov.kg сайтына кирип, жетпеген китептерди ошол жерден көчүрүп алса болорун кошумчалады.