Райым Матраимовдун фонду муфтиятка имарат куруп бермей болду. Сүрөт

Матраимовдор курулушка канча акча бөлгөнү азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фонду Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгына жаңы имарат курууда. Маалыматты муфтияттан тастыктады.
1 / 3

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фонду Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгына жаңы имарат курууда

2 / 3

Ага ылайык, имарат борбордук мечиттин жанына салынып жатат

3 / 3

Капсула салуу аземине "Исмаил-Ата" фондунун башчысы Райым Матраимов, муфтий Замир Ракиев, депутат Шайлообек Атазов жана башкалар барган.

Ага ылайык, имарат борбордук мечиттин жанына салынып жатат. Капсула салуу аземине "Исмаил-Ата" фондунун башчысы Райым Матраимов, муфтий Замир Ракиев, депутат Шайлообек Атазов жана башкалар барган.
Матраимовдор курулушка канча акча бөлгөнү азырынча белгисиз. Муфтият азыркы имаратын ижарага алганын айтты.
"Мусулмандар дин башкармалыгы өзүнүн имаратын куруу үчүн фонд, ишкерлерге кайрылган. Жыйынтыгында ага Матраимовдор макул болду. Курулуш иштери январда бүтүп калат", — деди мекеменин маалымат кызматы.
Көпчүлүккө "Раим миллион" деп таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2020-жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Кийин ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
Катар Бишкек шаардык №6 ооруканасына кошумча корпус куруп берет
Кыргызстандагы соңку кабарлар жана окуялар.