Михаил Горбачёв дүйнө салды

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу маркум жаткан Борбордук клиникалык оорукана кабарлаганын РИА Новости жазды.

“30-августта узакка созулган оор илдеттен улам Михаил Сергеевич Горбачёв каза болду”, — деп айтылат маалыматта.

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.
1985-жылы ССКП БКсынын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.
1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз үчүнчү жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынчалуу көз карандысыз мамлекет болгон.
СССРдин кыйроосуна эмне себеп болгонун Sputnik даярдаган материалдан кеңири окууга болот.
Путин постсоветтик тарыхтын оор учурун жыйынтыктады. Батышка кулак кагыш