БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан баштап өлкөдөгү мектептерде окуучулар, бакчадагы бөбөктөр аптанын башында жана аягында гимнди ырдашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары, гимн мектепте өткөн салтанаттарда, тарбиялык класстарда жана сынактык иш-чараларда да аткарылууга тийиш.
"Президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу, окуучулардын улуттук, мекенчилдик жана атуулдук аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө үчүн министрдин буйругу чыкты. Ага ылайык, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик символдор аткарылат жана колдонулат", — деп жазылат маалыматта.