Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ башчысы Запорожье АЭСине миссияны дайыма уюштуруп турууну көздөөдө

Делегация МАГАТЭ катчылыгында өзөктүк коопсуздук менен алектенген ондогон кызматкерден турат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запорожье АЭСине туруктуу миссия уюштурууну пландоодо. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси айтканын РИА Новости жазды.
"Бул мен жасагым келген маанилүү жумуштардын бири жана аны орундатабыз", — деген ал.
Мурдараак МАГАТЭ өкүлдөрү Запорожье атомдук электр станциясына ушул аптада келери айтылган.
Маалым болгондой, делегация МАГАТЭ катчылыгында өзөктүк коопсуздук менен алектенген ондогон кызматкеринен турат. Аларды объектиге БУУнун өкүлдөрү коштоп бармакчы.
Россиянын президентинин маалымат катчысы делегация Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймак аркылуу кирерин айткан.

Тарыхы

Объект Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап АЭСке МАГАТЭ миссиясы келип, абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина МАГАТЭ миссиясынын ЗАЭСке киришин каалабагандыктан аткылап жатат. Видео