Радио

Максатбек кызы: Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча атаандаштык абдан чоң

Тогуз коргоол боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло медалдарынын ээси Айтурган Максатбек кызы акыл оюнун өздөштүргөн кыздар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Тогуз коргоол боюнча машыгуу базасы түптөлүп, мамлекеттин колдоосу болсо эл аралык деңгээлде алдыга эч кимди салбайбыз. Учурда Казакстандын өкмөтү спортчуларды ар тараптан колдоп, жакшы ийгиликтерге жете алды. Бул тууралуу Айтурган Максатбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча атаандаштык абдан чоң.
"Тогуз коргоол менен 2018-жылдан тарта олуттуу машыгып, бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү кайттым. Дүйнө чемпионатында коло жана күмүш медалдын ээси болдум. Быйыл күзүндө Казакстанда өтө турган дүйнө биринчилигине даярданып жатам. Курама командага кирип, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн өлкө ичиндеги лицензиялык турнирлерди утуу керек. Акыркы учурда акыл оюнуна кызыккан жаштар абдан көбөйдү. Ага байланыштуу атаандаштык абдан чоң болуп, курама команданы мыкты спортчулар толуктап жатат. Тогуз коргоол боюнча машыгуу базасы түптөлүп, мамлекеттин колдоосу болсо эл аралык деңгээлде алдыга эч кимди салбайт элек. Учурда Казакстандын өкмөтү спортчуларды ар тараптан колдоп, жакшы ийгиликтерге жете алышты", — деди Максатбек кызы.
Ошондой эле адис эл аралык аренада кыргызстандык тогуз коргоолчуларга Казакстандын жана Монголиянын спортчулары күчтүү атаандаштык көрсөтөрүн кошумчалады.