БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Университеттин үч миссиясы" деп аталган окуу жайлардын эл аралык рейтинги жарыяланды.
Мындай рейтинг алтынчы жолу аныкталууда. Тизмеге бир жыл мурда 1 650 ЖОЖ кирсе, быйыл алардын саны биринчи жолу 1 800гө жетти. Адистер 103 өлкөнүн университеттеринин билим, илим жана коом менен иштешүүсүн баалашкан.
Маалыматка караганда, рейтингдин лидерлеринин курамы мурдагысынан көп деле өзгөргөн жок. Өткөн жылдагыдай эле Гарвард университети жана Массачусетс технологиялык институту (АКШ) биринчи жана экинчи орунда, андан кийин Кембридж, Оксфорд университеттери жана Лондон университеттик колледжи (Улуу Британия) жайгашты.
Европада эң жогорку (11-орун) баллды Швейцариядагы Цюрих жогорку технологиялык окуу жайы алды. Азияда Токио университетинин (12-орун) жана Пекин университетинин (14-орун) кадыр-баркы көтөрүлгөн. Россиянын жогорку окуу жайларынын арасында Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (18-орун) мурдагыдай эле алдыда. Австралия менен Океанияда эң мыкты деп Мельбурн университети (43-орун), Латын Америкада Мексиканын Улуттук автономиялык университети (106-орун), Африкада Кейптаун университети (157-орун) мыктылардын катарында.
Кыргызстандан 1000 университеттин тизмесине Кыргыз-Түрк "Манас" университети гана (935-сап) кирди. Миңинчи орундан ары (1000ден 1500 орунга чейин) Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз-Россия Славян университети турат.