ЕБ россиялыктарга виза берүүнү токтотуу боюнча бир пикирге келе алган жок

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялыктарга Шенген визасы берилбей калса, Европа жарандары дагы чек арада дал ушундай көйгөйгө туш болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Евробиримдикке мүчө өлкөлөр россиялыктарга виза берүүгө жалпы тыюу салуу боюнча бир пикирге келе алган жок, анткени көпчүлүк ага каршы. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртого шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Виза маселесине келсек, кеңеште (Евробиримдиктин Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери - ред.) россиялыктар үчүн визага жалпы тыюу салуу боюнча бир пикир болгон жок. Визага тыюу салууга болбойт. Буга көпчүлүк каршы, алардын арасында мен да бармын", — министр.
Анткен менен Евробиримдик Россия менен виза режимин жеңилдетүү келишимин токтотуу чечимин кабыл алды.
Буга чейин Германия өкмөтү кийинки санкциялар пакетинин алкагында РФ жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу боюнча Евробиримдиктин чечиминин долбоорун талкууга койгон. Латвиянын парламенти мындай билдирүүнү кабыл алып, Евробиримдикти Россия менен Беларустун жарандарына виза берүүнү токтотууга чакырган.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялыктарга Шенген визасы берилбей калса, Европа жарандары дагы чек арада дал ушундай көйгөйгө туш болорун айткан.
Россия менен Евробиримдиктин мамилеси Украинага карата демилитаризация боюнча атайын операция башталгандан тарта кадимкидей начарлады. АКШга куйрук улай эле ЕБ Москвага карата санкцияларды киргизди. Россиялык энергоресурстарга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча чакырыктар арбып, ар кыл мамлекеттер көптөгөн россиялык дипломаттарды мекенине жөнөткөн.
Макрон энергетикалык кризис боюнча Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрөт