Чуңкурчакта бийиктиги 31 метр болгон туу көтөрүлдү

Туу көтөрүү аземине мамлекет башчы катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чуңкурчакка бийиктиги 31 метр болгон желек орнотулду.
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо туу көтөрүү менен башталды. Ал жерде президент Садыр Жапаров сүйлөп, кыргызстандыктарды куттуктады.
Андан соң Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чара башталды.
Эртең Чуңкурчакта өтчү майрамдын программасы жарыяланды