БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө арналган алыскы аралыкка ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Күлүктөр Байтик айылынан чыгып тоо аралап Чуңкурчак жайлоосуна чейин 31 чакырым чаап келишти.
Алдын ала жыйынтык:
Биринчи орун — Шейшеналы Дүйшөмбиевдин Карашумкар деген күлүгү, Талас облусунун Кара-Буура району.
Экинчи орун — Аманов Кайымдын Актаноо күлүгү, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылы;
Үчүнчү орун — Болот Акировдун Акчий күлүгү, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району.
Ал эми Султан Маткеримовдун Дулдул аттуу күлүгү үчүнчү болуп келе жаткан, бирок марага 200 метрдей калганда кулап түштү. Мындан улам чабандеси жөө чуркап өттү. Натыйжада ага төртүнчү орун ыйгарылды. Кийинчерээк аталган күлүк катуу чуркаганда күйүгүп, жүрөгү жарылып кеткени белгилүү болду. Мындан улам жылкыны мууздап салууга аргасыз болушту.
Султан Маткеримовдун "Дулдул" аттуу күлүгү биринчи болуп келе жаткан, бирок марага 200 метрдей калганда кулап түштү.
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Жалпы жонунан 89 күлүк жарышка чыкты. Алдыңкы болуп келген тогуз тулпарга байге берилет.
Биринчи орунга Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, экинчи орунга 500 миң, үчүнчүгө 300 миң, төртүнчүгө 200 миң, бешинчиге 100 миң сом, калган төрт күлүккө 50 миң сомдон байге берилет.