Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктын кесепетинен бешинчи өспүрүм көз жумду

16 жаштагы бала бир нече күндөн бери эс-учун билбеген абалда ооруканада жаткан.
Sputnik
ОШ, 31-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 390-чакырымындагы автокырсыктан кийин кечээ бешинчи өспүрүм каза болду. Бул маалыматты Кара-Көл шаардык ооруканасынан тастыктады.
Ал эс-учун билбеген абалда аталган ооруканада жаткан. Маркум 16 жашта болгон.
Эске салсак, 25-августта Бишкек — Ош жолунун 390-чакырымында, тагыраагы, Кара-Көл шаарында Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен беш эркек киши жабыркаган. Алардын ичинен 16 жаштагы эки бала мүрт кеткен, үчүнчүсү ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн. Кийин ооруканадан жакшы боло албай төртүнчү өспүрүм көз жумган.
Казакстанда автобус кырсыктап, төрт кыргызстандык ооруканага түштү