БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянты саат 16:00дөн 00:00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аянтта майрамга карата концерт уюштурулат. Мындан улам Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин жабык болот.
Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранды.