Россияда 2023-жылдагы эс алуу күндөрү аныкталды. График

РФте Жаңы жыл майрамы 31-декабрдан 8-январга чейин уланмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин 2023-жылы кайсы күндөр дем алыш деп эсептелери боюнча токтомго кол койду.
Өкмөттүн расмий Telegram-каналында келерки жылда 1 жана 8-январь жекшембиге туура келерин эске салып, 24-февраль — жума, 8-май — дүйшөмбүгө жылдыруу чечими кабыл алынганын билдирди.
Жаңы жыл майрамы бул өлкөдө 31-декабрда башталып, 2023-жылдын 8-январына чейин уланат.
Төмөнкү күндөрү эл иштебейт:
23-26-февраль;
8-март;
29-апрелден 1-майга чейин;
6-9-май;
10-12-июнь;
4-6-ноябрь.
Кыргызстандагы окуучулар качан каникулга чыгышат? 2022/2023-жылдын календары