БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Украиналыктардын жашоо деңгээли катастрофалык темп менен төмөндөп, эл азыр акыркы акчасын пайдаланып жатат. Бул тууралуу саясат таануучу жана экономист Андрей Суздальцевге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Өлкөдө бардык нерсе кымбаттоодо. Инфляциянын деңгээли 20 пайыздан ашты. Азык-түлүк баасы орто эсеп менен 35 пайызга өстү. Мисалы, бир килограмм гречка 300 рублдин тегереги. Ал эми туз такыр эле жок болуп жатат", — деди адис.
Ошол эле учурда ал өлкөдө ачарчылык болбой турганын божомолдоду.
"Биринчиден, украин эли абдан чыдамкай, эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери бийлик калкына кол шилтеп келет. Айыл жергесинде жашагандардын көбүнүн жер тилкелери, мал-жаны бар. Шаардык туугандарына жардам берет дегендей. Кыскасы, өлкөдө ачарчылык болбошу керек", — деди Суздальцев.
Эске салсак, Украинада экономиканын басымдуу бөлүгүн айыл чарбасы түзөт.