Соттор Ульяновскидеги кырсыкта мертингендердин үй-бүлөсүнө акча чогултуп берди

Ата-энесинен ажыраган балдарга жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, сегиз үй-бүлө аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Соттор корпусу 454 миң сом чогултуп Ульяновскидеги жол кырсыкта каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен ата-энесинен ажыраган балдарга жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, сегиз үй-бүлө аныкталган.

“Бүгүн, 30-августта, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы соттордун төрагалары жана судьялар каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө каражатты тапшырып, көңүл айтып келишти. Жардам Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен уюштурулду”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-августта Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары экени аныкталган. Мекендештердин сөөгү атайын борт менен алып келинип жерге берилди. Буга байланыштуу 23-август өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Элчи жана губернатор Ульяновскинин ооруканасындагы кыргызстандыктарга барды. Сүрөт