БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. RT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян РИА Новостиге Украинанын террордук "Азов"* батальонунун коркуткан каты боюнча маалымат берди.
Буга чейин ал өзүнүн Telegram каналына "Азов"* террордук уюмунан аны коркуткан кат келгенин жарыялаган. Мындан улам Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин мекеменин борбордук аппаратына текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү буюрган.
"Коркутуунун стилистикасына караганда, ал жакта маньяктар же такыр эле башкача болуп калган өспүрүмдөр отуруп, иштейт. Мен кандай реакция кылышым керек? Мен өз жашоомду жашап, өзүм туура, керектүү жана милдетим деген нерселерди жасайм", — деген Симоньян.
Жогорку сот 2-августта "Азовду"* террордук уюм деп таап, ага тыюу салган. Чечим дароо күчүнө кирип, даттанууга бир ай убакыт берилген.