Россияда ири машыгуу өткөрүлөт. Ага Кыргызстан жана 12 мамлекет катышат

Коргоо министрлиги аталган машыгуу кайсы бир мамлекетке же аскердик биримдикке каршы багытталбаганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 1-7-сентябрга чейин Россияда "Восток–2022" деп аталган стратегиялык аскердик машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Коргоо министрлиги кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Алжир, Армения, Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Лаос, Монголия, Никарагуа, Сирия жана Тажикстандын коргоо министрликтери катышат.
Бардык мамлекеттин аскерлери Приморск өрөөнүндөгү "Сергеевский" полигонуна барганы айтылды.
"Машыгуунун негизги багыты Россиянын жана анын союздаштарынын коопсуздугун камсыз кылууда аскерлердин иш-аракеттеринин варианттарын этап-этабы менен карап чыгуу болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Коргоо министрлиги аталган машыгуу кайсы бир мамлекетке же аскердик биримдикке каршы багытталбаганын кошумчалаган.
Кытай: Тайвань жээгиндеги машыгуулар толугу менен максатына жетти