Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Польша чеңгелин Украинага улам матырып бара жатат

Адис өлкөнү талап-тоноо Россиянын атайын операциясынан эмес, андан бир топ жыл илгери башталгандыгын чечмелеп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Польша бизнеси азыр Украинага абдан эле жакындап, жерлерди, заводдорду, айыл чарбасындагыларды, айтор, мүмкүнчүлүк жеткен нерселерди алып жатат. Бул тууралуу РИА Новостиге "Экономиканын жогорку мектеби" улуттук иликтөө университетинин окутуучусу, доцент, саясатчы Андрей Суздальцев айтканын РИА Новости жазды.
"Поляктар, баса белгилеп кетейин, өзгөчө поляктар Украинадагы болгон-бүткөн нерселерди өзүнө каратууда. Жерлерди, Киев чыгыш аймактан тез арада ташып чыгарып кетип жаткан, калган-каткан заводдорду, Европада үч эсе кымбат болуп жаткан дан эгиндерин 50 пайыз арзандатуу менен алууда. Негизи алар башында эле украиналыктарды кул катары эсептеп келишсе, бул жерде ошол коңшу өлкөнү каратып алуу мүмкүнчүлүгү жаралып жатпайбы", — деген Суздальцев.
Анын айтымында, билген кишилер "Украина кайрадан өзүнүн панына тизе бүктү" деп түз эле белгилеп жатышат.
"Киев бардык алтын-валюта корун кышында эле Польшага чыгарып кеткенин айтпаган күндө да азыр Батыштан Украинага агылган бардык финансылык каражаттар негизинен польшалык банктар жана фонддор аркылуу келип жатат", — деген эксперт.
Ал өлкөнү талап-тоноо Россиянын атайын операциясынан эмес, андан бир топ жыл илгери башталгандыгын, Киев буга акыркы 30 жылдан бери баш коюп келе жаткандыгын кошумчалады.
"Ошентип Украина бийлиги билип туруп эле чагымчылык менен иш алып барып, согушка аралашкандыгын жоопкерчилик менен айта алам. Алар бош калган казынаны дал ушул ыкма менен толтурууга ниет кылышкан. Согуш деген негизи акча да. Маселен, Киев азыр жашап кетүү үчүн деп Батыштан айына жети миллиард доллар сурап жатат", — деген Суздальцев.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция башталгандан бери 2,9 млн. украиналык Польша аркылуу кайтып келди