Кытай АКШдан Тайванга курал сатууну тез арада токтотууну талап кылды

Байден жакында Тайванга 1,1 миллиард долларлык курал сатууга белсенип жатканы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кытай Тайвандагы чыңалууну мындан ары ырбатпаш үчүн АКШдан регионго курал-жарак сатууну жана аскердик багыттар боюнча байланышты токтотууну талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости Пекиндин Вашингтондогу элчилигинин расмий өкүлү Лю Пэнъюйга таянуу менен жазды.
"АКШнын Тайванга курал сатышы "бирдиктүү Кытай" принцибин жана кытай-америка биргелешкен үч жобону бузуп, Тайвандын көз карандысыздыгы үчүн чыккан сепаратисттик күчтөрдү шыктандырууда. Ошондой эле Тайвань кысыгындагы чыңалууну курчутуп жатат. Мындан ары Кытай өзүнүн эгемендүүлүгүн коргоо жана коопсуздукту камсыздоо жаатында чечкиндүү кадамдарга барат", — деди дипломат.
Буга чейин Politico гезити аты аталбаган булакка таянып, АКШ президенти Жо Байден жакында Тайванга 1,1 миллиард долларлык курал сатууну колдоп беришин сурап конгресске кайрыларын жазган. Маалыматка ылайык, кеп 60 даана AGM-84K Harpoon II кемелерге каршы тескелчү ракетасы жана "аба-аба" ракеталар классындагы 100 даана AIM-9X Block II Sidewinder тууралуу болуп жатат.
Кытай америкалык крейсерлерден улам аскерлерин согуштук абалга өткөрдү