Россия менен Кытайдын аскердик машыгуусу Батышты чочутууда

Басылма сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы интеграциянын өнүгүшү дүйнөлүк тартипке чакырык таштап жатканын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия менен Кытайдын аскердик кызматташуусу АКШ менен Евробиримдиктин тынчын алууда. Бул тууралуу Германиянын Der Tagesspiegel басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Эске салсак, 1-7-сентябрь аралыгында Россия аскердик ири машыгууларды өткөрүп, ага Кытай дагы катышат.
Сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы интеграциянын өнүгүшү дүйнөлүк тартипке чакырык таштап жатканын айтышкан.
Европа кеңешинде коопсуздук жаатындагы адис Ульрике Франке Кытай менен Россия өз ара союз түзүп калса, ал геостратегиялык чакырык болуп саналарын белгилеген. Кытай таануу институтунун адиси Елена Легарада Франкенин оюна толугу менен кошулат.
"Кытай-Россия мамилеси Батыш мамлекеттерине чакырык. Эки мамлекет позициясын бекемдеп, глобалдуу тартиптин идеяларын жайылтууда", — деген саясат таануучу.
Аскердик эксперт Вольфганг Рихтер Кытай менен Россиянын ортосунда формалдуу аскердик альянс жок экенин айтып, бирок эки өлкөнү АКШ баштаган мамлекеттердин үстөмдүк кылууга умтулуусу бириктирип жатканын кошумчалаган.
Кытай АКШдан Тайванга курал сатууну тез арада токтотууну талап кылды